Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги иш-аракеттерине эч ким тоскоол боло албайт

Мевлүт Чавушоглу Кипрдин Рум бөлүгүн эскертти.

1265972
Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги иш-аракеттерине эч ким тоскоол боло албайт

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, эч кимдин Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги иш-аракеттерине тоскоол боло албай турганын айтты.

Мевлүт Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасына сапарынын алкагында Жаңы Эренкөй кыштагында жарандардын жолугушуусуна катышты.

Чавушоглу бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, Түркиянын эч тайсалдабастан, эң нерседен баш тартпастан Түндүк Кипр түрк элинине колдоо көрсөтүп келгенин жана колдоосун уланта турганын белгиледи.

Түрк тараптын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги булактарга карата адилеттүү бөлүштүрүү жана чечүүчү жолду камтыган биргелешкен комиссия курууну сунуш кылганын эске салган Чавушоглу: «Рум бөлүгү бул сунуш айтылаары менен четке какты. Анткени алардын планы башкача. Аларды эскертип кетким келет, сиз бул жерде б.а артыңызда турган кааласа Европа Биримдиги болсун, кааласа Греция болсун, кааласа кимдир бирөө болсун биздин бул жердеги иш-аракеттерибизге тоскоол боло алышпайт. Бул жерде сиз бөлүшүүнү үйрөнүшүңүз керек»,-деп айтты.

Рум бөлүгүнүн Чыгыш Жер Ортолук деңизде мунай издөө иштерин Түркиянын баардык эскертүүлөрүнө карабастан улантып жаткандыгын эске салган Чавушоглу: «Биз аларга бул аралдын айланасында мунай издөөгө Кипр түрк элинин да акылуу экенин айттык жана Кипр түрк элинин укуктарын тебелетпей турганыбызды билдирдик»,-деди.

Кипр темасында түрк тараптын эми алагды кылууну кабыл албай турганын айткан Чавушоглу, Кипр түрк элинин ушул күнгө чейин эске алынбаган укуктарын коргоо үчүн чечкиндүү мамиле кыла тургандарын белгилеп: «Бир тараптан тик турабыз, экинчи тараптан аракет кылууну улантабыз»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу, кипрдик түрктөргө Газимагусада башкы консулдук ача тургандарын да сүйүнчүлөдү.



Тектеш кабарлар