Түркиянын коргонуу стратегиясын карап чыгуусу качылгыс абалга келген

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбулда Улуттук коргоо университетинин аскердик окууларынын диплом жана туу тапшыруу аземине катышып сөз сүйлөдү.

1261588
Түркиянын коргонуу стратегиясын карап чыгуусу качылгыс абалга келген

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, дүйнөнүн бардык тармагында кайрадан курулуу болуп жаткан ушул мезгилде Түркиянын дагы коргонуу стратегиясын карап чыгуусунун качылгыс абалга келгенин айтты.

Эрдоган, Стамбулда Улуттук коргоо университетинин аскердик окууларынын диплом жана туу тапшыруу аземине катышып сөз сүйлөдү.

Эрдоган сөзүндө Түркиянын Орусиядан С-400 абадан коргонуу системаларынын алынганы боюнча АКШ менен болгон талаштарга токтолду.

АКШнын бул тема тууралуу кысым көрсөтүүсүнө басым жасаган Эрдоган: « (АКШ) Патриот абадан коргонуу системасынын сатылышы бизге каршы кысым көрсөтүү инструментине айландырылып, ушундай түрдө коопсуздук муктаждыктарыбыз  ойрон кылынууга аракет кылынса тандообузду башка системага буруудан тартынбайбыз»,-деди.

F-35 согуштук учактар темасында Түркиянын четтетилиши жөнүндөгү талаштарды да күн тартипке алып чыккан Эрдоган: « (АКШ тарабынан) Учактар (F-35) бизге тапшырылбай жатса, колу бутубуз байланган түрдө бизге эмне болоорун күтүп тургудай жагдайыбыз жок»,-деп айтты.

Коргонуу өнөр жайында жергиликтүү өндүрүштө келип жеткен жерди баса белгилеген Эрдоган, 18 жыл мурда жергиликтүү жана улуттук коргонуу өнөр жайына карай товарларыбызды өндүрүп жатканда бүгүн 70 пайыздай өндүргүдөй абалга келдик.

Түркиянын НАТОнун мүчөсү болгонуна басым жасаган Эрдоган: «НАТО дагы деле биз жана шериктештерибиз үчүн коргонуу кызматташтыгы милдетин аткарууда. НАТОго мүчөлүк жана шериктештигибизден баш тартуу ниетибиз жок»,-деди.



Тектеш кабарлар