Эрдоган: «Идлиб боюнча жагдай биз каалагандай болбой жатат»

Президент Эрдоган Анкарада жума намазынан кийин маалымат берди.

1261252
Эрдоган: «Идлиб боюнча жагдай биз каалагандай болбой жатат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын Идлиб аймагына байланыштуу жагдайдын учурда Түркиянын каалаганындай эмес экенин айтты.

Президент Эрдоган Анкарада "Мелике Хатун" мечитинде кылган жума намазынан кийин маалымат берди.

«Идлибге байланыштуу сүйлөшүүлөрдө биз кааландай» десек бул жалган болот. Учурда "биз каалагандай болбой жатат" деп айткан Эрдоган: «Идлибде 9 жана 10 номердүү көзөмөл пункуттарыбызга бир канча ок атуулар болгон. Орусиянын президенти Владимир Путин менен өткөрлгөн жолугушуудан кийин керектүү эскертүүлөр берилди»,-деди.

Эрдоган Сириядагы кырдаалга байланыштуу болсо БУУнун Башкы Ассамблеясында АКШнын президенти Дональд Трапм менен жолугабыз. Ал жерде да ушул теманы карап чыгабыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган АКШнын F-35 согуштук учактары долбоорунан Түркияны чыгарууга аракет кылуусун да: «АКШ учурдагы мамилесин уланта турган болсо биз албетте өз жолубузду табабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар