Макей: «Түркия биздин алдыңкы өнөктөшүбүз»

Беларуста Макей менен Чавушоглу биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

1260127
Макей: «Түркия биздин алдыңкы өнөктөшүбүз»

 

Беларустун тышкы иштер минстри Владимир Макей, Түркияны алдыңкы өнөктөш катары эсептегендерин белгилеп: «Түркия менен болгон достугубузга чоң маани беребиз жана баардык тармактарда иштиктүү кызматташуунун камсыздалуусун максаттайбыз»,-деди.

Минсктеги Тышкы иштер министрлигинде, Владимир Макей менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушолу жолугушуулардан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Беларусь менен Түркиянын ортосундагы экономикалык кызматташуунун маанисине токтолгон Макей, Соода боюнча орток иш алып баруу тобу түзүлгөнүн жана эки өлкөнүн ортосундагы соода тармагында кадамдар таштала турганын баса белгиледи.

Беларустун тышкы иштер министри Макей Беларуста түрк ишканаларынын санынын көбөйүүсү керектигине көңүл буруп: «Түрк ишканаларынын Беларустун экономикасына инвестициясынын көлөмөү 800 миллион доллардан ашты. Өлкөбүздө болжол менен 140 түрк ишканасы бар»,-деди.

Макей эки өлкөнүн ортосунда технология, инновация жана билим берүү тармагындагы кызматташууну да кеңейтүүнү каалагандарын айтты.



Тектеш кабарлар