«Кыран-2» операциясы башталды

Операцияда 117 десант кызмат өтөөдө.

1259777
«Кыран-2» операциясы башталды

 

Мардин, Шырнак жана Батманда жикчил террордук уюм ПККга карай биргелешкен «Кыран-2» операциясы башталды.

Коопсуздук күчтөрүнүн катышуусунда Мардин, Шырнак жана Батмандын элет жерлеринде башталган биргелешкен «Кыран-2» операциясын жандармерия башкы командири армия генералы Ариф Четин жана коопсуздук башкы директору Мехмет Акташ Мардиндин Мидьят районунан башкарууда.

Диярбакыр жандармериясынын аймактагы командири генерал лейтенант Халис Зафер Коч, Мардинде операциянын командири катары кызмат кылууда.

Бул операция, жикчил террордук уюм ПККга мүчө террористтерди кармоо жана таасирсиз кылуу, алардын баш калкалоочу жай жана курал-жарак сактоочу кампаларын аныктап жок кылуу максатында жүргүзүлүп жатат.

Операциянын алкагында үч облуста жандармерия десанттары, спецназдар жана коопсуздук коргоочуларынан турган 117 операциялык десант кызмат өтөөдө.



Тектеш кабарлар