Эрдоган менен Путиндин жолугушуусу орус басма сөзүндө

Орусиянын басма сөзү Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган-Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жолугушуусуна кеңири орун берди.

1260237
Эрдоган менен Путиндин жолугушуусу орус басма сөзүндө

Орусиянын басма сөзү кечээ Москванын Эл аралык «Жуковский» аэропортунда өткөн Эл аралык МАКС-2019 авиация жана космос жарманкесинде болгон Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган-Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жолугушуусуна кеңири орун берди.

Орусиянын маалымат агенттиги ТАСС, «Орусия менен Түркия, СУ-35 жана СУ-57 согуштук учактарынын сатылышын сүйлөшүүдө» деген кабарды башкы беттерине чыгарды.

Кабарда президент Эрдогандын Орусиянын согуштук учактары жана тик учактары темасында маалыматтандырылганы баса белгиленди.

«Известия» гезити болсо кабарында Путин менен Эрдогандын аскердик тармакта техникаларды биргелешип жасап чыгарууну сүйлөшкөнүн жазды.

Орусиянын «Коммерсант» гезити да Сирия темасына токтолуп, «Орусия жана Түркиянын лидерлери макулдашты» темасын койду.

Кабарда, «Идлиб маселесинин эки өлкө үчүн тең сезимтал болгонуна карабастан, Путин жана Эрдоган, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын бекем болгонуна көңүл бурду»,деп жазды.

Орусиянын маалымат агенттиги РИА Новости дагы, эки лидердин Сириянын бүтүндүгүн жактаганын белгиледи.



Тектеш кабарлар