АКШ делегациясы Түркияда

Аскердик делегация бүгүн Шанлыурфага барат.

1252891
АКШ делегациясы Түркияда

 

АКШнын Европа күчтөрү командиринин орун басары генерал-полковник Стивен Твитти жетектеген аскердик делегация, Башкы штабдын төрагалыгына сапарынан кийин Шанлыурфага барат.

Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Сириянын түндүгүндө АКШ менен биргеликте түзүлүүсү пландалган Коопсуз аймактын алкагында Шанлыурфада курула турчу Биргелешкен кыймыл борборун ишке киргизүүгө карата аракеттердин уланып жаткандыгы белгиленди.

Билдирүүдө: «Бүгүн АКШнын Европа күчтөрү командиринин орун басары генерал- полковник Стивен Твиттинин жетекчилигиндеги аскердик делегация, Башкы штабдын төрагалыгына сапарынан кийин операциялык борбордун курулуусуна карата макулдашылган иш аракеттерди жүргүзүү үчүн Шанлыурфага барат»,-делди.  



Тектеш кабарлар