Тышкы иштер министри : "Евфраттын чыгышы эмне болсо болсун тазаланат"

Американын да эми бизди Манбиж сыяктуу алаксытуу процессине киришине уруксат бербейбиз.

1251576
Тышкы иштер министри : "Евфраттын чыгышы эмне болсо болсун тазаланат"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Евфрат дарыясынын чыгышынын террористтерден тазаланарын айтты.

Чавушоглу кечээ Курман айт майрамынан улам Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Анталия облустук башкармалыгында өткөрүлгөн майрамдашуу аземинде Евфрат дарыясынын чыгышына карата операция тууралуу : «Сирияда Африн кандай тазаланган болсо, Жараблуста террордук уюм ДЕАШ канадай тазаланган болсо Евфраттын чыгышынан да террордук уюм ЙПГ, ПККны тазалайбыз. Эмне болсо болсун тазаланат. Бул жерде чечкиндүүлүгүбүздө эч бир өзгөрүү жок. Американын да эми бизди Манбиж сыяктуу алаксытуу процессине киришине уруксат бербейбиз»,- деди.

Чавушоглу тышкы саясатта да бардык маселелерди чечкен Түркия экендигин, террордун бардык түрү менен күрөшүүнү ичкериде да тышта да акырына чейин улантышарын айтты.

Тышкы иштер министри Чавушоглу : «Түндүк Иракта да бир террорист калганга чейин күрөшүбүздү улантабыз, ичкериде кандай  тазалаган болсок, ал жерлерден да террористтерди тазалайбыз. Башка жол жок»,- деди.



Тектеш кабарлар