Эрдоган-Имран Хан сүйлөшүүсү
Эрдоган менен Имран Хан телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.
1248430
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Коммуникация башчылыгынын билдирүүсүнө караганда, Имран Хан Пакистан менен Индиянын ортосунда Кашмир темасына байланыштуу болгон акыркы абал тууралуу маалымат берүү үчүн Эрдоган менен телефон аркылуу байланышты.
Президент Эрдогандын сүйлөшүүдө тараптарды диалог процессин күчтөндүрүүгө чакырганы белгиленди.
Индия жарым кылымдан ашуун убакыттан бери Жамму Кашмирге өзгөчө ыйгарым укук берген конституциялык беренесин жоюп, аймактын атайын макамын жокко чыгарган болчу.
Тектеш кабарлар
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.