Сауд Арабияда 85 түрк фурасы 10 күндөн бери портто күтүүдө

Сауд Арабия мекемелери 85 түрк фурасын 10 күндөн бери эч бир себепсиз бажыда күттүрүүдө.

1245682
Сауд Арабияда 85 түрк фурасы 10 күндөн бери портто күтүүдө

Сауд Арабия мекемелери 85 түрк фурасын 10 күндөн бери эч бир себепсиз бажыда күттүрүүдө.

Түрк шоферлорунан Ариф Вурал Александрия портунан чыккандан кийин 21 -  июлда Сауд Арабиянын түндүк батышынан Кызыл деңизге караган Дуба портуна барышкандарын белгиледи. Портто расмий текшерүүлөрдөн өтүшкөндөрүн айткан Вурал андан кийин күттүрүү аянтына алышкандарын жана 10 күндөн бери өлкөгө кирүүгө уруксат берилбей жаткандыгын айтты.

Сауд арабиялык бажы кызматкерлери же порттогу башка кызматкерлердин эч бир маалымат бербегендигин айткан Вурал канча убакыт күтүшөрү белгисиз экендигин айтты.

Унааларындагы жүктөрдүн текстиль жана тамак аш продукциялары экендигин билдирген түрк фура шоферу үйлөрүнөн алыс жана үй  - бүлөлөрүнүн да тынчсыздангандыгын билдирди.

Ариф Вурал ашыкча ысыктыктан улам кээ бир шоферлордун ооруп калгандыгын белгиледи.

Соода министри Рухсар Пекжан Дуба портунда күтүп жаткан түрк фураларынын бажыдан эч бир маселе жашабастан чыгышы үчүн сауд арабиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Түркиянын Рияд элчилиги менен Жиддадагы башкы консулдугу да бул тууралуу жакындан алектенип, түрк шоферлорунун эртерээк бажыдан өтүүлөрү үчүн Сауд Арабия мекемелери менен байланышка өттү.



Тектеш кабарлар