Түркиянын С-400 боюнча НАТО менен маселеси жок

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Орусиядан алынган С-400 абадан коргонуу системасы тууралуу берген маалыматы.

1244989
Түркиянын С-400 боюнча НАТО менен маселеси жок

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Орусиядан алынган С-400 абадан коргонуу системасы тууралуу: “С-400 НATOго карата кандайдыр бир көйгөй жаратпайт. Түркия бир канча тармакта НATOнун иштерине көмөк көрсөтүп келет”,- деди.

Таиланддын борбору Бангкокто өткөн Түштүк-Чыгыш  Азия Эл аралык биримдигинин (ASEAN) Тышкы иштер министрлеринин 52-жыйынында Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. Андан кийин Орус медиасынын суроолоруна жооп берген министр Чавушоглу, Сириядагы жарандык согушту чечүүгө саясий жол издеген, август айында Нур-Султанда өтө турган жолугушуу жана Түркиянын НАТО менен болгон мамилелери боюнча маалымат берди.

Чавушоглу биринчи жана экинчи августта Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда өтө турган жолугушууда  маанилүү маселелерди ортого коёрун белгилеп: “Токтоолукту жана саясий процессти сактоого дагы көп көңүл буруу керек. Конституция комитетин куроо жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Комитеттин куралышын жарыя кылуу үчүн биргеликте аракеттенебиз”,-деп айтты.

Туркиянын С-400дү алгандан кийин НАТО менен болгон карым-катнашы боюнча суралган суроого Чавушоглу, “НАТО менен эч кандай маселебиз жок.  Башкы катчысынын жана орун басарынын С-400гө байланыштуу билдирүүлөрүндө маалым болгондой, С-400 НATOго кандайдыр бир маселе жаратпайт. Түркия бир канча тармакта НATOнун иштерине көмөк көрсөтүп келет. Бул маселе бир да жолу НАТОнун саммитинде каралган жок”-деп жооп берди.

Чавушоглу, С-400 алынгандан кийин Түркия-НАТО карым-катнаштарына караганда Түркия-Америка Кошмо Штаттарынын карым-катнаштарына байланышкан бир маселе чыккандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар