Ак үйдөгү "Түркия" тууралуу жыйналыш

Американын CNN телеканалында орун алган жана жыйналышка катышкан Республикачыл эки сенаторго таяндырылган маалымат.

1242041
Ак үйдөгү "Түркия"  тууралуу жыйналыш

АКШнын президенти Дональд Трамптын, Республикачыл сенаторлор менен Ак үйдө мурдагы күнү ишке ашырган жыйналышта, «Түркияга санкция салууну каалабаганын» айтканы маалымдалды.

Американын CNN телеканалында орун алган жана жыйналышка катышкан Республикачыл эки сенаторго таяндырылган «Трамп, Республикачыл сенаторлорго Орусиянын куралын алганынын себебинен Түркияга санкция салууну каалабаганын түшүндүрдү» аттуу кабарында басма сөзгө жабык өткөн жана 70 мүнөткө созулган жыйналышта Трамптын Түркияга ыктымалдуу санкциялар темасында так жана өзгөчө баалоо жасабаганын, мунун ордуна маселе тууралуу жалпы баа бергени белгиленди.

Буга караганда сенаторлордун, «АКШнын душмандары менен санкция салуулар жолу менен күрөшүү мыйзамына» (CAATSA) ылайык Түркияга санкция салынышы керектигин, бирок Түркиянын НАТО мүчөсү болушу абалды татаалдаштырганын айтканы баяндалды.

Кабарга караганда Трамп, өз бийлиги чыгарууга аргасыз болгон F-35 чечиминин себебинен дагы бир жолу мурдагы президент Барак Обама бийлигин күнөөлөдү жана «Дагы деле Түркияга F-35 учактарын сатууну каалайт элем»,деген серебин салды.

Ошол эле учурда Трамп, өзүнөн мурдагы башкаруунун жаңылыштыктарына көңүл буруп Түркияга С-400дөрдөн улам санкция салууну каалабаганын сенаторлорго айтты.

Бул тема тууралуу Американын «Вашингтон Пост» гезитинде орун алган маалыматта да Трамптын, «НАТОнун шериктеши Түркияга CAATSA санкцияларынын толугу салынышына каршы чыкканын» кеп кылганы маалымдалды.

Кабарда, Трамп менен айрым сенаторлордун ортосунда жеңил каяша айтышуулардын да болгону белгиленген жолугушууда, АКШнын Президентинин санкциялардан көрөк Түркия менен кантип сүйлөшүү керектиги темасына басым жасаганы белгиленди.



Тектеш кабарлар