Тышкы иштер министри : "АКШ душман катары мамиле кыла турган болсо каршы кадам таштайбыз"

Мевлют Чавушоглу менчик телекөрсөтүү каналында күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди.

1240084
Тышкы иштер министри : "АКШ душман катары мамиле кыла турган болсо каршы кадам таштайбыз"

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШ Түркияга карата душман сыяктуу мамиле кыла турган болсо  каршы кадам ташташарын айтты.

Мевлют Чавушоглу менчик телекөрсөтүү каналында күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди. Министр Чавушоглу Түркиянын өз коргонуу өнөр жайына маани бергендигин, бул тууралуу олуттуу инвестиция салгандыгын жана азыркы учурда муктаждыгынын 70 пайызын өзү камсыз кыла алгандыгын айтты.

Чавушоглу Түркиянын өз аскердик учактарын, танктарын, тик учарларын өндүрүү үчүн да аракет кылып жаткандыгын баса белгиледи.

Чавушоглу АКШнын Ф  - 35 аскердик учактарын бербегендиктен Түркия өзү өндүргөнгө чейин муктаждыгын башка жерлерден камсыз кылуу жолуна барыларын белгилеп  С  - 400 абадан коргонуу системаларынын Орусиядан алынышын буга мисал катары көрсөттү.

Чавушоглу : «Ф  - 35  учактарын беришпесе да Түркия башка альтернативдерге карай багыт алганда айта турган сөздөрү болбойт. Түркия муктаждыгын албетте өзү өнөктөшү болгон проектиден камсыз кылууну каалайт бирок бул болбосо башка жолдорду карап чыгуу укугу бар. Баарыдан мурда көз карандысыз жана эркин бир өлкөнүн ташташы керек болгон кадамдарды мезгили келгенде Түркия таштайт»,- деди.

 

Өзгөчө АКШ Түркияга санкция сала турган болсо Түркия эмне деп жооп берет деген суроого: «Санкция боло турган болсо биздин да АКШга бере турган жообубуз бар. АКШ бизге карата душман сыяктуу мамиле кыла турган болсо жашыра турган эч нерсебиз жок, каршы кадам таштайбыз. Бул коркутуу эмес»,- деп жооп берди Чавушоглу.

Сириянын Идлиб шаарына карата кол салууларга да токтолгон Чавушоглу : «Башар Асад режиминин кол салууларын токтотуу жоопкерчилиги коңшубуз Орусияда»,- деди.

 



Тектеш кабарлар