"Козголоң кыймылын кылгандардын эч бири жазасыз калбайт"

Президент Р. Т. Эрдоган Стамбул Ататүрк аэропортунда өткөрүлгөн 15 – Июль Демократия жана  Биримдик Күнү жолугушуусунда элге кайрылды.

1236093
"Козголоң кыймылын кылгандардын эч бири жазасыз калбайт"

Президент Р. Т. Эрдоган козголоң кыймылын кылгандардын эч биринин жазасыз калбагандыгын айтты. 

Президент Эрдоган Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨнүн козголоң кыймылынын үчүнчү жылында Стамбул Ататүрк аэропортунда өткөрүлгөн 15 – Июль Демократия жана  Биримдик Күнү жолугушуусунда элге кайрылды.

Эрдоган : «Эч бир кыянаттык, эч бир террордук уюм биримдигибизди, бир туугандыгыбызды буза албайт»,- деди.

Эрдоган  козголоң кыймылын кылгандардын ийгиликтүү боло албагандыгын айтып : «Алланын буйругу менен мындан кийин да ийгиликтүү болбойт»,- деди.

2016 – жылы 15 – июль күнү  Түркияны караңгылыкка көмүүнү каалагандардын жазасыз калбагандыгын баса белгилеген Эрдоган : «Ал караңгы түнгө багынбагандыгы үчүн элиме ыраазымын», - деди.

«Биз ыйманыбызга, тарыхыбызга, маданиятыбызга, муунубузга ээ чыксак бул өлкөнү эч ким  басып ала албайт»,-  деген Эрдоган : «Биз бекем турабыз. Бул өлкөнү эч ким  басып ала албайт, бул элди эч ким кулга айландыра албайт»,-  деди.



Тектеш кабарлар