Коопсуздук директорлугунун жаңы имараты ачылды

Президент Эрдоган ачылышта сөз сүйлөдү.

1236065
Коопсуздук директорлугунун жаңы имараты ачылды

 

Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинде баш калаа Анкарада бомбаланган Коопсуздук боюнча башкы директорлугунун жаңы имараты азем менен ачылды.

Ачылышка президент Режеп Таййип Эрдоган, 15-июль төңкөрүш аракети убагында ФЕТӨчүлөр тарабынан Жандармерия башкы командирлигинде башынан атылган Коопсуздук директорлугунун терроризмге каршы күрөшүү штабынын төрагасы Тургут Аслан, Түркия Улуу Улуттук Парламентининин спикери Мустафа Шентоп, Босния-Герцеговинанын элдер мажилисинин төргасы Бакир Иззетбегович, министрлер, шейит жакындары жана ардагерлер катышышты.  

Эрдоган бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, козголоңчулардын коопсуздук имаратын бутага алгандарын, түнү бою оор кол салууга дуушар болгонун бирок атайын десанттардын алардын мизин майтаргандарын айтты.

Танкалар менен курчалган, учак менен бомбаланган имараттын жарактан чыгып калганын түшүндүргөн Эрдоган, түрк демократиясынын өнүгүүсүн сактап калган мекемелер бар болгон кезде эч кимдин улутту моюн сундура албай турганын баса белгиледи.

Эрдоган: «Эч бир күч эч качан 15-июлга окшогон төңкөрүш аракетин ишке ашыра албайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар