Президент Р. Т. Эрдоган С - 400 тууралуу маалымат берди

Эрдоган Босния  - Герцеговинанын борбор шаары Сараевого кеткенден мурда Ататүрк аэропортунда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1232064
Президент Р. Т. Эрдоган С  - 400 тууралуу маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган Орусиядан сатып алынган абадан коргонуу системасы С  - 400дөрдү Түркияга тапшыруу ишинин улантылып жаткандыгын билдирди.

Эрдоган Босния  - Герцеговинанын борбор шаары Сараевого кеткенден мурда Ататүрк аэропортунда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

С  - 400дөрдүн Түркияга качан келерине байланыштуу суроого президент : «Азыркы учурда даярдыктар менен жүктөө иштери улантылууда. Биздин алар менен макулдашкан күндөрүбүз бар. Бул жерде да жайгаштыруу пландары, кай жерге жайгаштырылары, бул тууралуу жоопкерчилик улуттук коргоо министрлиги менен башкы штабда. Өлкөбүз үчүн, дүйнө үчүн жакшы болсун».



Тектеш кабарлар