В. Путин : "Орусия менен Түркиянын аракеттери эл аралык ырааттуулук элементи"

Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсар да Путинге ишеним катын берди.

1229684
В. Путин : "Орусия менен Түркиянын аракеттери эл аралык ырааттуулук элементи"

Орусиянын президенти В. Путин Орусия менен Түркиянын Сириядагы аракеттеринин эл аралык ырааттуулуктун маанилүү элементи экендигин белгиледи. Путин Кремлде Орусияда элчилик кызматын баштаган 18 өлкөнүн элчисин кабыл алды.

Аземде Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсар да Путинге ишеним катын берди. Путин бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Орусия  - Түркия карым  - катнаштарына баа берди.

Эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктүн стратегиялык деңгээлге жеткендигин белгилеген Путин президент Р. Т. Эрдоган менен дайыма байланышта экендигин айтты. Путин апрель айында Москвада болгон Орусия  - Түркия Жогорку Деңгээлдеги Кызматташуу Кеңешинин жыйынынын пайдалуу болгондугун эске салып : «Аккую өзөктүу энергия станциясы жана Түрк Агым жаратылыш газ түтүк жолунун курулушу үчүн чоң жана маанилүү долбоорлору ийгиликтүү аткарылууда. Көптөгөн кызыктуу долбоорубуз жана биргелешкен демилгелерибиз бар»,- деди.

Орусия менен Түркиянын эл аралык ырааттуулук үчүн иштегендигин белгилеген Путин : «Орусия менен Түркиянын Сирияда абалды калыбына келтирүү жана тынчтык процессин баштоо үчүн координациялуу аракеттери эл аралык ырааттуулуктун маанилүү бир элементи»,- деди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар