Түрк куралдуу күчтөрү террор менен күрөшүүнүн 6 айлык жыйынтыгын жарыялады

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Чатаклы, айлык маалыматтандыруу жыйналышында үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айындагы операцияларда 649 террористтин жок кылынганын жарыялады.

1228885
Түрк куралдуу күчтөрү террор менен күрөшүүнүн 6 айлык  жыйынтыгын жарыялады
ismail catakli.jpg

Июнь айында ишке ашкан ички коопсуздук операцияларында жикчил террор уюму ПККга мүчө 166 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Чатаклы, айлык маалыматтандыруу жыйналышында үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айындагы операцияларда 649 террористтин жок кылынганын жарыялады.

Исмаил Чатаклы, июнь айында элет жерлерде 3ү чоң масштабдуу, 61и орто масштабдуу болгон бардыгы 12070 элет жер операциясы, шаарларда болсо 1212 операция жүргүзүлгөнүн айтты.

Бул операцияларда арасында Ички иштер министрлигинин «Террор боюнча изделгендер тизмесинде» кызыл категорияда бир, кызгылт-сары категорияда эки, боз категорияда 9у орун алган 166 террористтин жок кылынганын белгилеген Чатаклы: «Таандык болгон жерлерин караганыбызда 94ү ПКК/КЖК, 67си ДЕАШ, 5и радикал солчул террордук уюмдун мүчөсү»,-деп айтты.

Исмаил Чатаклы, июнь айында болгон операциялардын натыйжасында 38 баш калкалоочу жай, жашырынуучу жай, үңкүрлөрдүн жарактан чыгарылганын, 70и оор жана алыс аралыкка атуучу болуп бардыгы 115 курал жана ар түрдүү сандагы ок-дарылардын колго түшүрүлгөнүн айтты.

Чатаклы, 6 айда 773 баш калкалоочу жайдын таш-талканы чыгарылганын, 711 курал жана көп сандаган ок-дарынын колго түшүрүлгөнүн жарыялады.



Тектеш кабарлар