Түркиянын Иракка ПКК тууралуу каршы чыгуусу

Ирактын Анкара элчилигинин ишенимдүү өкүлү тышкы иштер министрлигине чакырылды.

1227886
Түркиянын Иракка ПКК тууралуу  каршы чыгуусу

Түркия Ирактын Анкарадагы элчилигинин ишенимдүү өкүлүнө террористтерге карата операциялардын чечкиндүүлүк менен улантыларын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой берген  маалыматка караганда Ирактын Анкара элчилигинин ишенимдүү өкүлү Иссам Мухаммед тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу маалымат берген катчы Аксой ПКК жикчил террордук уюмга карата операциялардын чечкиндүүлүк менен улантыларын белгилеп, буларды айтты : «Ишенимдүү өкүлгө ПККга карата операцияларыбызда жарандардын жабыркагандыгы тууралуу ырастоолорунун кабыл алынгыс экендиги айтылды. ИКБЙнин аймагында жүргүзүлгөн операцияга байланыштуу ИКБЙ бийлиги ПККны жооптуу деген билдирүү жасап, Ирактын ПККга токтолбогон билдирүүсүнүн эки тараптуу карым  - катнаштарыбызда акыркы мезгилде жогорку деңгээлдеги сапарлар жана жетишилген оң ылдамдоо менен дал келбегендиги баса белгиленди. Ирактын эгемендигин баалайбыз, ушул себептен да жерлеринде террористтердин болбошу керектиги айтылды. Операцияларыбыздын чечкиндүүлүк менен улантылары белгиленди».



Тектеш кабарлар