Ливиядагы Түрк жарандарынын тез арада кое берилбеген учурунда натыйжасы оор болот

Президенттин орун басары Фуат Октай, бул тема тууралуу билдирүүсүн жарыялады.

1227859
Ливиядагы Түрк жарандарынын тез арада кое берилбеген учурунда натыйжасы оор болот
omer celik.jpg

Президенттин орун басары Фуат Октай, Ливияда Хафтерге караштуу мыйзамсыз согушкер күчтөр тарабынан кармалып кеткен Түрк жарандарынын тез арада кое берилбеген учурунда натыйжасы оор боло турганын айтты.

Фуат Октай, бул тема тууралуу билдирүүсүндө Хафтерге караштуу мыйзамсыз согушкер күчтөр тарабынан кармалып кеткен Түрк атуулдарыбыз тууралуу алгачкы мүнөттөрдөн баштап президент Режеп Таййип Эрдогандын маалыматы болгонун жана анын буйруктары боюнча Тышкы иштер министрлиги, Ливиядагы элчилик жана тийиштүү бардык жактар менен иштер кылдат жүргүзүлүп жатканын белгилеп өттү.

Ливиядагы түрк жарандары менен байланыш түзүлгөнүн, саламаттык абалдарынын жакшы экенин билдирген Октай: «Кармалып кеткен атуулдарыбыздын тез арада эркин кое берилип Түркияга алып келиниши үчүн тийиштүү бардык мекемелерибиз кылдат иштеп жатышат. Атууладырыбыздын эркин кое берилбеген учурунда бул кыймылды кылгандар «мыйзамдуу бутага» айланат жана натыйжасы оор болот. Түркия Республикасы, бардык уюмдары менен дүйнөнүн кайсы жеринде болсо болсун атуулдарыбыздын коопсуздуктарын жана укуктарын коргоо боюнча чечкиндүү»,-деп айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик да, Ливияда болгондор тууралуу социалдык медиа каражаты Твиттер барагынан каршылык көрсөттү.

Челик: «6 жараныбызды бандиттер сыяктуу мамиле менен кармап кетишти. Атуулдарыбыздын дароо эркин кое берилишин талап кылабыз»,-деди.

Түркияга каршы душмандыкты эч кимдин тандабашы керектигин белгилеген Челик: «Ливия үчүн ар дайым тынчтык жана ынтымакты кааладык. Келечегинин да тынчтык жана ынтымакта болушун каалайбыз. Ливияда мыйзамсыздыктарга каршы чыктык жана каршы чыгабыз»,-деп бөлүштү.



Тектеш кабарлар