Эрдоган жапон императору Нарухито менен жолугушту

Чоң жыйырмалыктын (G-20) саммитине катышуу үчүн барган Жапонияда ар түрдүү жолугушууларды өткөргөн Эрдоган, Жапон императору Нарухито менен Императорлук сарайында жолугушту.

1228200
Эрдоган жапон императору Нарухито менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия менен Жапониянын ортосундагы 1,5 кылымга жеткен достук байланыштарын дагы чыңдагандарын айтты.

Чоң жыйырмалыктын (G-20) саммитине катышуу үчүн барган Жапонияда ар түрдүү жолугушууларды өткөргөн Эрдоган, Жапон императору Нарухито менен Императорлук сарайында жолугушту.

Президент Режеп Таййип Эрдоганды жолугушууда жубайы Эмине Эрдоган коштоп жүрдү.

Либерал демократ партиясынын башкы катчысы жана Жапония-Түркия Парламенттер аралык достук тобунун төрагасы Тошихиро Никаинин басма сөзгө жабык өткөн Эрдогандын урматына берген түшкү тамагында Эрдоган,  абдан жемиштүү жана ийгиликтүү сапар болгонун билдирди.

Бир гана саясий жана экономикалык тармакта эмес маданий жана илимий тармактарда да эки өлкөнүн ортосунда абдан олуттуу потенциал болгонуна ишенгенин айткан Эрдоган: «Билесиздер Жапония менен ортобуздагы эң маанилүү долбоорлордон бири Стамбулда салынышы пландалган Түркия-Жапония Илим жана технология университети болуп саналат. Бул университеттин кыска убакта ишке кириши үчүн аракет кылуудабыз»,-деп айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2019-жылды Жапонияда Түрк маданият жылы деп жарылагандарын эске салып, «Жыл бою уюштура турган программалар менен Түркиянын бай маданий бирикмесин жапон досторубузга жакындан таанытууну максаттап жатабыз»,-деди.

«Казыналар жана Осмон империясында жоогазын салты» аттуу Топкапы сарайынын көргөзмөсүнүн Токиодо абдан көп кызыгуу жаратканын укканын кеп кылган Эрдоган, 170 миң жапон искусство сүйүүчүсүнүн бул көргөзмөгө келишинин Түрк маданиятына болгон кызыгуунун белгиси экенин айтты.

Президент Эрдоган, Тофукужи ибадатканасында ачылган «Ара Гүлер» көргөзмөсүнүн дагы ошондой эле кызыгууну жарата турганына ишенгенин айтты.

Азиянын чыгыш жана батыш учтарында орун алган Түркия жана Жапониянын бири-биринен үйрөнө турган абдан көп нерсеси болгонуна токтолгон Эрдоган: «Биз канчалык ар башка тилдерди сүйлөшсөк дагы, бири-бирибизден миңдеген чакырым алыста болсок дагы маданий жагдайларда көп сандаган орток жактарыбыз бар. Үй-бүлө байланыштарына берилген маани, урмат-сый, күжүрмөндүк, эр жүрөктүк, күрөшүү, дисциплина биз бөлүшкөн орток баалуулуктардын башында турат»,-деп айтты.

Тамакка тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, казына жана каржы министри Берат Албайрак, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, соода министри Рухсар Пекжан жана президенттиктин байланыш башчысы Фахреттин Алтун да катышты.



Тектеш кабарлар