Эрдоган Японияда ишкерлерге кайрылды

Президент Эрдоган, Япон ишкерлери менен жолугушуу жыйынына катышты.

1227849
Эрдоган Японияда ишкерлерге кайрылды
erdogan japonya is insanlari1.jpg

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Японияда ишкерлерге кайрылып, Түркияга инвестиция салууга чакырды.

Президент Эрдоган, Япониянын ишкердик федерациясы тарабынан уюштурулган Япон ишкерлери менен жолугушуу жыйынына катышты.

Соода-сатыкта коргонуунун артуусу жана эркин экономиканын үзгүлтүккө учурашынын тынчсыздандыруучу экенин белгилеген Эрдоган, ушундай мезгилде Түркия менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын маанисинин дагы да артканын айтты.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык жана инвестиция алакаларынын күчтөндүрүлүшү керектигин баса белгилеген Эрдоган: «Экономикалык өнөктөштүк келишимин ылдам бүткөрүп 2019-жылы буга кол коюуну каалайбыз. Бул келишимдин бир тараптан эркин соода темасындагы орток максатыбызды, экинчи тараптан экономикалык өнүгүү айырмачылыктарыбызды эске алган тең салмактуулукту камсыздашын күтүп жатабыз. Башкача айтканда эки тарап үчүн тең туура келе турган мезгил ичинде толук либералдашууга өтүүнү каалайбыз. Бул мөөнөттүн аягында бажы салыктарынын эки тараптуу жоюлуусу пайдалуу болот деп ойлойбуз»,-деди.

Түркиянын аймагында маанилүү өндүрүштүк жана логистикалык базасы болгонун белгилеген Эрдоган, чет элдик инвесторлорго ар дайым колдоо көрсөткөндөрүн билдирди.

Эрдоган: «Өлкөбүзгө инвестиция салып канааттанбаган, көйгөй жана маселелерге чечим таба албаган эч бир демилгечи жок»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар