Эрдоган Жапониянын Киото шаарында
Чоң жыйырмалыктын (G20) лидерлер саммити өткөн Осака шаарындагы жолугушууларын бүткөргөн Эрдоган, андан соң авто жолу менен Киото шаарына өттү.
![Эрдоган Жапониянын Киото шаарында](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4a55/dcc6/854d/5d18535d75765.jpg?time=1718937034)
![erdogan.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/01d7/3b49/9fdd/5d1854e6d801e.jpg?time=1718937034)
![Altes Prenses Akiko.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/dffa/f626/f977/5d18543262ce5.jpg?time=1718937034)
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Жапониянын Киото шаарында «Казыналар жана Осмон империясында жоогазын салты» темалуу көргөзмөнү кыдырды.
Чоң жыйырмалыктын (G20) лидерлер саммити өткөн Осака шаарындагы жолугушууларын бүткөргөн Эрдоган, андан соң авто жолу менен Киото шаарына өттү.
Музейге барганда альтес принцесса Акико тарабынан тосулган Эрдоган, өзүн күтүп турган атуулдар менен саламдашып учурашты.
Жубайы Эмине Эрдоган жана альтес принцесса Акико менен көргөзмөнү кыдырган президент Эрдоган, көргөзмөдөгү чыгармалар туурасында жооптуу кызматкерлерден маалымат алды.
Президент Эрдоганды сапарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, казына жана каржы министри Берат Албайрак, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, соода министри Рухсар Пекжан, президенттиктин байланыш башчысы Фахреттин Алтун менен президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын да коштоп жүрүштү.
Президент Эрдоган: «Казына жана Осмон империясында жоогазын салты» темалуу көргөзмөнү кыдыргандан кийин Киотонун улуттук заманбап көркөм өнөр музейинде альтес принцесса Акико менен жолугушуу өткөрдү.
Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган да катышкан басма сөзгө жабык өткөн жолугушууда казына жана каржы министри Берат Албайрак да орун алды.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718937034)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.