Түрк куралдуу күчтөрүнүн ПКК операциясы
Операцияда эки террорист жок кылынып, курал буктурмалары жардырылды.
1224742
Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагына карата жүргүзүлгөн аба операциясында ПКК жикчил террордук уюмдун 2 террористти жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Гара аймагына «Чеңгел» операциясы менен координациялуу аба операциясы жүргүзүлдү.
Операциянын негизинде ПКК террордук уюму тарабынан курал буктурмалары, баш калкалоочу жерлер жардырылып, 2 террорист да жок кылынды.
Ички коопсуздук операцияларынын негизинде да террористтерге оор сокку урулду.
Жалпы 7 террорист жок кылынды. Алардын экөөсү Диярбакырда, төртөөсү Хаккариде жана бирөөсү Тунжелиден.