Президент Эрдоган араб өлкөлөрүнөн эң чоң колдоону алган лидер

БиБиСи арапча үчүн Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда араптар президент Эрдогандын Жакынкы Чыгыш саясатына 51 пайыздык катнашта колдоо көрсөттү.

1224343
Президент Эрдоган араб өлкөлөрүнөн эң чоң колдоону алган лидер

Президент Р. Т. Эрдоган араб өлкөлөрүнөн  «эң чоң колодоо алган мамлекеттик кызматкер» болду.

БиБиСи арапча үчүн Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда араптар президент Эрдогандын Жакынкы Чыгыш саясатына 51 пайыздык катнашта колдоо көрсөттү.

Коомдук иликтөө мекемеси Араб Барометринин Судан, Иордания, Палестина, Альжир, Марокко, Тунис, Йемен, Ирак, Ливия, Ливан жана Египетте 25 миң 407 киши менен жүргүзгөн суражылоодо Орусиянын президенти В. Путин 28 пайыз жана АКШнын президенти Дональд Трамп 12 пайыздык колдоо алды.

Президент Эрдоганга колдоо Судан жана Иорданияда 75 пайыздан ашуун болуп, Путин бир гана Ливия, Ливан жана Египетте бирнчи орунга чыкты. Изилдөөгө караганда аймак өлкөлөрү эң чоң коркунуч катары Израилди, Йемен менен Ирак болсо Иранды көрсөттү; Иракта да АКШ экинчи чоң коркунуч болду.

Араб өлкөлөрүндө динчилдик да азайды. Иликтөөгө катышкан өлкөлөрдө «динчил эмесин» дегендердин катнашы 2013 -  жылдагы 8 пайыздан 13 пайызга жогорулады.

Динден алыстоо эң көп 30 жаштын астындагыларда болуп, бул жаш группасында «динчил эмесмин» дегендердин катнашы 18 пайызга жетти. Бул катнаш Тунисте 30 пайызды, Ливияда 20 пайызды ашып, бир гана Йеменде бул катнаш 2013 – жылдагы 10 пайыздык деңгээлден 5 пайызга артка кетен.

 



Тектеш кабарлар