Террордук уюм ПККга карай операциялар улантылууда

Террордук уюм ПККга карай өлкө тышында жана ичиндеги операциялар да улантылууда.

1223454
Террордук уюм ПККга карай операциялар улантылууда

Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында жүргүзүлгөн «Чеңгел» операциясында ушул убакка дейре 57 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында Хакурк аймагында ийгиликтүү түрдө уланган «Чеңгел» операциясында жикчил террор уюму ПККга мүчө дагы 6 террористтин жок кылынганы белгиленди.

Жарыяда, операция башталган 27-майдан бери жок кылынган террорист санынын 57ге жеткени маалымдалды.

Жарыяда айрыкча операция башталгандан бери жикчил террордук уюм ПККга таандык бардыгы 84 мина жана колго жасалган жарылуучу зат зыянсыздаштырылды, уюмдун жалпы 136 үңкүр жана баш калкалоочу жайынын да таш талканы чыгарылганы билдирилди.

Ошондой эле Ирактын түндүгүндөгү Синат-Хафтанин аймагына абадан жүргүзүлгөн операцияда болсо ПККга мүчө террористтер тарабынан колдонулган курал жайгаштырылган жай, баш калкалоочу жай жана ок-дары сактоочу кампалары талкаланды.

Террордук уюм ПККга карай өлкө ичиндеги операциялар да улантылууда.

Битлистин Татван районунун элет жеринде уюштурулган абадан коштолгон операцияда 3, Тунжелинин борбордук элет жеринде болсо 3 террорист жок кылынды.

Аймакта операциялар уланууда.



Тектеш кабарлар