Стамбулдагы шайлоо аяктады
Добуштарды саноо иштери башталды.
![Стамбулдагы шайлоо аяктады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/bef3/a9d6/c209/5d0f87bb9fbd5.jpg?time=1718827387)
Стамбул калкы 5 жыл бою кызмат кыла турган Стамбул шаарынын мэрин белгилеш үчүн шайлоого барды.
Шайлоодо, Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен Улуттук кыймыл партиясынан турган «Хумхур» өнөктөштүгүнүн талапкери Бинали Йылдырым, Республикачыл элдик партиясы менен Жакшы (Ийи) партиясынан турган «Миллет» өнөктөштүгүнүн талапкери Экрем Имамоглу, Саадет партиясынын талапкери Неждет Гөкчынар менен Ватан парртиясынын талапкери Мустафа Илкер Йүжел ат салышты.
Саат 8:00дө башталган добуш берүү процедуралары саат 17:00дө соңуна чыкты.
Добуштарды саноо иштери башталды.
Жыйынтыктар Жогорку шайлоо кеңеши тарабынан медиага чыгаруу тыюу салуусу жоюлгандан кийин жарыяланат.
31-мартта болгон жергиликтүү шайлоолордон кийин Жогорку шайлоо кеңеши, АК партиясынын каршы чыгуусу боюнча 6-майда «Стамбул мэрин шайлоонун жаңылануусуна» чечим чыгарган.