Түрк куралдуу күчтөрү Идлибдеги көзөмөлдөө борборлоруна кошумча күч жөнөттү

Сириянын Идлиб облусунда Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык 12 көзөмөлдөө борбору бар.

1221873
Түрк куралдуу күчтөрү Идлибдеги көзөмөлдөө борборлоруна кошумча күч жөнөттү

 

Түрк куралдуу күчтөрү, Сириянын Идлиб облусундагы Чыңалууну азайтуу аймактагындагы көзөмөлдөө борборлоруна көп сандаган брондолгон унаа, кызматкер, аскер унаасы жана ок дарыдан турган кошумча күч жөтөттү.

Түрк куралдуу күчтөрү бүгүн Идлибдеги Чыңалууну азайтуу аймактагындагы байкоо салуучу жерлерге аскердик конвой жөтөттү.

Конвойдун Халебдин батыш элет жери жана Хамадагы айрым көзөмөлдөө борборлорунун ортосуна жайгаштырылганы билдирилди.

Идлибдеги Чыңалууну азайтуу аймактагында Астана келишиминин алкагында Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык 12 көзөмөлдөө борбору бар.

Башар Асад режиминин күчтөрү, Түрк куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлдөө борборлорун кээ-кээде бутага алууда.

Режим күчтөрү акыркы жолу 16-июнда Хаманын Морик аймагындагы борборго миномет атып, Түрк куралдуу күчтөрү да жооп кайтарган болчу.



Тектеш кабарлар