«Чеңгел» операциясында террордук буталар жок кылынды
«Чеңгел» операциясы уланып жатат.
1220627
![«Чеңгел» операциясында террордук буталар жок кылынды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/af74/ea89/f849/5d08baae7a783.jpg?time=1718832700)
Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында уланып жаткан «Чеңгел» операциясында жикчил террордук уюм ПККга таандык курал сактоочу кампалар, баш калкалоочу жайлар жана ок-дары сактаган кампалар атылды.
Улуттук коргонуу министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Кандил, Хакурк, Хафтанин жана Авашин-Басьян аймактарына жүргүзүлүп жаткан абадан операцияда жикчил террордук уюм ПККга таандык буталар жок кылынды.