Эрдоган партиясынын фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү
Эрдоган, С-400дөр, Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Сириядагы абалдар тууралуу маалымат берди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиядан С-400 абадан коргонуу системасын сатып алуудан баш тартылбай турганын кайталады.
Эрдоган, системанын Түркияга тапшырылышынын алдыбыздагы айда боло турганын айтты.
Президент Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.
Орусиядан С-400 ракеталык коргонуу системасынын алынышы тууралуу Америка бийлигинен келген сындоолорго жооп кайтарган Президент: «Түркия С-400 абадан коргонуу системаларын алат деген жерим жок, алды. Биз бул ишти бүтүрдүк»,-деп айтып: «С-400дүн ылайыктуу баада болушу менен катар биргелешип өндүрүүгө өтүүнүн да убадасын алып келишимибизге кол койдук»,-деди.
Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалдарга да токтолгон Эрдоган: «Түркиянын жана Кипр Түрктөрүнүн акысын, укугун, кызыкчылыгын көздөбөгөн эч бир кадамдын ташталышына уруксат бербейбиз. Бул темада бардык альтернативалар үстөлүбүздө болушун улантат»,-деди.
Президент Эрдоган, Сирияда уюк курган террор топтору тууралуу да, «Чек араларыбызды бойлой түзүлүүгө аракет кылынган террор тилкесин, Жераблус-Африн багытында, Түндүк Ирак аянтында кандай сындырган болсок, Евфрат дарыясынын чыгыш жагында да ошондой эле түрдө талкалайбыз»,-деп айтты.