Түркия АКШнын Өкүлдөр палатасынын чечимине каршылык көрсөттү

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан кечээ АКШнын Өкүлдөр палатасында кабыл алынган «АКШ-Түркия шериктештигине карай санаркоолордун айтылышы» темалуу чечимге байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыяланды.

1216245
Түркия АКШнын Өкүлдөр палатасынын чечимине каршылык көрсөттү

Түркия, АКШнын Өкүлдөр палатасы кабыл алган «АКШ-Түркия шериктештигине карай санаркоолордун айтылышы» темалуу чечимдин, эки өлкөнүн ортосундагы түптүү достук жана шериктештик карым-катнаштарына эч кандай түрдө жарашпаганын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан кечээ АКШнын Өкүлдөр палатасында кабыл алынган «АКШ-Түркия шериктештигине карай санаркоолордун айтылышы» темалуу чечимге байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыяланды.

Билдирүүдө, аты аталган чечим тууралуу, «Бул чечим, Түркия менен АКШнын ортосундагы түптүү достук жана шериктештик карым-катнаштарына эч кандай түрдө жарашпайт. Чечимде орун берилген Түркиянын тышкы саясаты жана сот системасы туурасында адилетсиз жана негизсиз айтымдардын кечирилиши эч качан мүмкүн эмес»,делди.

Түркиянын ар дайым дос жана шериктеш өлкөлөрдүн ортосунда көз караш айырмачылыктарынын жоюлушунун эң таасирдүү жолунунун диалог жана өлкөлөрдүн эгемендүү чечимдерине урмат-сый көрсөтүлүшү болгонуна шилтеме берилген билдирүүдө, «Мунун ордуна, эч бир юридикалык күчү болбогон жана эки тараптуу ишенимдин арттырылышына кызмат кылбаган чечимдердин чыгарылышы, коркутуу жана санкция тилинин күн тартипте кармалышы жана бир канча жасалма терминдер коюлушу кабыл алынгыс»,деген серепке орун берилди.



Тектеш кабарлар