Салоникиде түрк дипломаттардын унаалары өрттөлдү

Түркиянын Салоники соода аташеси Серкан Буралыга таандык дипломатиялык номердеги унаа шаардын борборундагы үйүнүн алдында өрттөлдү.

1215745
Салоникиде  түрк дипломаттардын унаалары өрттөлдү

Грециянын Салоники шаарында дипломатиялык кызматкер болгон эки түрккө таандык унаалар эрте мененки сааттарда өрттөлдү.

Дипломатиялык булактардан берилген маалыматка караганда шаардын түрдүү жерлеринде токтоп турган эки унаа эрте мененки сааттарда ким экендиги белгисиз кишилер тарабынан өрттөлдү.

Түркиянын Салоники соода аташеси Серкан Буралыга таандык дипломатиялык номердеги унаа шаардын борборундагы үйүнүн алдында өрттөлдү.

Кыска убакыттан кийин 1 киломтерчелик алыстыктагы жерде шаардагы эл аралык  мекемеде иштеген түрк аялга таандык унаа үстүнө бензин төгүү менен өрттөлдү.

Өрттү өрт өчүргүчтөр өчүрүп, унаалар жараксыз абалга келип, тегеректеги бир топ унаа да зыян тартты. Окуяларда жаралангандар болгон жок.

Грек коопсуздугунун окуя тууралуу териштирүү баштагандыгы белгиленди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар