Түркиядан С - 400дөр тууралуу маалымат берилди

Түркия С  - 400 коргонуу системаларын алуунун кечеңдетилгендигине байланыштуу ойлорду төгүнгө чыгарды.

1211932
Түркиядан С  - 400дөр тууралуу маалымат берилди

Түркия С  - 400 коргонуу системаларын алуунун кечеңдетилгендигине байланыштуу ойлорду төгүнгө чыгарды.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Түркиянын Орусиядан С  - 400 коргонуу системаларын алууну кечеңдеткендигине байланыштуу кабардын чындыкты чагылдырбагандыгын белгиледи.

Хами Аксой Түркиянын С  - 400 системаларын алууну кечеңдеткендиги тууралуу кээ бир басма сөз органдарында орун алган кабарларга байланыштуу суроолорго жооп берди. Аксой : «Акыркы күндөрдө кээ бир басма сөз органдарында чыккан Түркиянын АКШнын талабы боюнча С  - 400 системаларын алууну кечеңдеткендигине байланыштуу кабарлар чындыкты чагылдырбайт. Орусиядан С  - 400 алуу процессибиз пландалгандай жүргүзүлүүдө»,- деди.

Аксой АКШнын С  - 400 системасынын НАТОнун бирдикте иштей аларына жана Ф  - 35 системаларына зыянын тийгизери тууралуу тынчсызданууларын сүйлөшүү үчүн Түркиянын АКШ мекемелерине билдирген Иш алып баруу группасынын жыйын өткөрүү сунушунун күчүндө экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар