«Чеңгел» (пенче) операциясынын максаты террор коркунучунун толугу менен жок кылынышы болуп саналат

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Ааданада «Чеңгел» (пенче) операциясы тууралуу маалымат берди.

1210672
«Чеңгел» (пенче) операциясынын максаты террор коркунучунун толугу менен жок кылынышы болуп саналат

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, «Чеңгел» (пенче) операциясынын бүтүрүлүшү менен максаттарынын Түркияга Ирактын түндүгүнөн келе турган террор коркунучунун толугу менен жок кылынышы болгонун жарыялады.

Хулуси Акар, өзү менен кошо башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер жана аба күчтөрү командири Хасан Күчүкакйүздү алып иликтөө жана текшерүүлөрдү жүргүзүш үчүн Аданага барды.

Бул жерде 27-майда жикчил террордук уюм ПККга карай башталган «Чеңгел» операциясы тууралуу маалымдоо жасаган Акар: «Мехметчик (Түрк аскери) тарабынан бул аймакта кирбеген үңкүр, уюк калбайт. Бул террористтердин үңкүрлөрү толугу менен талкаланат. Кандил, Асос жана башка жерлерде да белгиленген террордук буталарды алгач ирет толугу менен жергиликтүү жана улуттук кургактыктан атуучу техникаларыбыз менен атуудабыз»,-деп айтты.

Сириянын Идлиб аймагындагы абалдарга да токтолгон Акар: «Идлибде тез арада ырааттуулуктун камсыздалышы жана ок атпоонун үстөмдүк кылышы үчүн Орусия менен сүйлөшүүлөрүбүздү улантуудабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар