Түрк делегациясы Нью - Йоркто түрдүү дин өкүлдөрү менен ифтарда жолугушту

Ооз ачырууга Түркиянын Нью – Йорк башкы консулу Алпер Акташ да катышты.

1207698
Түрк делегациясы Нью - Йоркто түрдүү дин өкүлдөрү менен ифтарда жолугушту

Президенттиктин коммуникация төрагалыгы уюштурган иш чараларга катышуу жана түрдүү жолугушууларды өткөрүү үчүн АКШнын Нью – Йорк шаарына барган түрк делегациясы шаардагы түрк ишкерлер менен сурияни, армян жана еврей коомдорунун өкүлдөрү менен өткөрүлгөн ооз ачыруу программасына катышты.

Ооз ачырууга Түркиянын Нью – Йорк башкы консулу Алпер Акташ да катышты.

Башкы консул Акташ ооз ачырууда сүйлөгөн сөзүндө Рамазандын рухунун адамдардын тилин, динин, улутун айырмалабастан бир дасторкондун тегерегинде чогултушу экендигин белгилеп : «Тамак табылат бирок достуктар оңой менен табылбайт, айырмачылыктар оңойчулук менен жаратылбайт. Түркияны улуулаткан биздин байлыктарыбыз, айырмачылыкратыбыз»,- деди.

Стамбулдагы Алтынбаш университетинин ректору, Президенттиктин коопсуздук жана тышкы саясаттар кеңешиин мүчөсү профессор доктор Чагыры Эрхан да сөзүндө Рамазанда ооз ачыруу дасторкондоруна түрдүү маданияттардан кишилердин чакырылышы салт экендигин белгилеп, рождестводо да мусулмандардын орун алышынын маданияттар арасындагы диалогго чоң салым кошорун айтты.



Тектеш кабарлар