Эмине Эрдоган африкалык элчилердин жубайлары менен жолукту

Ифтар программасында Эмине Эрдоган "Африка тамак-аштары" китебин таанытты.

1207550
Эмине Эрдоган африкалык элчилердин жубайлары менен жолукту
emine erdogan afrika gunu.jpg
emine erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган, зор эмгек менен даярдалган "Африка тамак-аштары" китебин таанытты.

Президенттин жубайы Эмине Эрдоган, 25-май Африка күнүнөн улам Африка өлкөлөрүнүн элчилеринин жубайлары менен Президенттиктин комплексинде уюштурулган ифтар программасында жолугушту.

Эмине Эрдоган, 2017-жылдагы Африка күнүндө Африка элчилеринин жубайлары коомунун салымы менен гастрономия жарманкеси уюштурулганын, бул иш-чарада Африканын тамак-аш маданиятын тааныткан китептин даярдалышы абдан жакшы болооруна байланыштуу сунуштар айтылганын эске салып, бүгүн бул долбоордун ишке ашып жатканына аябай кубангандыгын билдирди.

Программада Африкага таандык кийим кийген Эмине Эрдоган, африкалык коноктор менен эстеликке сүрөткө түштү.

Ифтардан кийин «Африка маданият үйү» долбоорунун бир бөлүгү катары Президенттиктин колдоосу менен даярдалган Африка тамак-аштары китеби таанытылды.

Китептин мазмуну Түндүк Африка, Түштүк Африка, Борбордук Африка, Батыш Африка, Батыш Сахара асты жана Чыгыш Сахара асты менен катар Жер ортолук деңизден Атлантика жана Инди океанына чейин жеткен материктин беш башка аймагынын тамак-аш маданиятын камтууда.

"Африка тамак-аштары" китебинин ар бир бөлүмүндө болсо аймакка таандык тамактарга байланыштуу маалыматтар менен улуттук тамак-аштар маданиятын чагылдырган 58 өзгөчө тамактын жасалышы да орун алууда.

Программанын сюрприз коноктору болсо Ганадан келген окуучулар болду.

Президент Эрдогандын 2016-жылдагы Ганага сапарында, Эмине Эрдоган тарабынан да Ганадагы дүлөйлөр мектебин жакшыртуу долбоору башталган болчу.

Ушул алкакта угуусу начар 80 балага угузуучу аппараттар берилген. Бул жерде биринчи жолу Эмине Эрдогандын үнүн уккан ганалык балдарга карата Түркияда долбоордун уландысы катары «Кол өнөрчүлүк жана даяр кийим» тармагында билим берүү программасы да ишке ашты.

Ушундайча угузуучу аппараттардын негизинде уккан жана билим алуу күбөлүктөрүн алган 8 ганалык окуучу, Эмине Эрдоганга өз колдору менен жасаган буюмдарды белек кылып ыраазычылык билдиришти.



Тектеш кабарлар