Түркия Грецияны радикалдык топтордун айтымдары боюнча эскертти

Түркия, 19-Майдын сыймыктануу менен майрамдалган күн экенин билдирди.

1205830
Түркия Грецияны радикалдык топтордун айтымдары боюнча эскертти

Түркия Республикасынын Тышкы иштер Министрлиги, «Түрк Улуттук боштондук күрөшү башталган) 1919-жылдын 19-майына көлөкө түшүрүүгө аракет кылган айрым радикал топтордун, Түрк тарыхына карай кыялданууларын, Түркияга карай жек көрүүнү күүлөөнү максаттаган иш-чараларын жана Грециядагы айрым саясатчылардын ички саясаттагы каңкуулоолору менен тарыхый фактыларды бурмалаган билдирүүлөрүн кечирүү мүмкүн болбогонун жарыялады. Тышкы иштер министрлиги жарыясында тарыхый окуялардан үзүндүлөрдү түшүндүрүп кудум эле тарых сабагын берди.

Министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясында 1919-жылдын 19-майын Түркия Республикасынын курулуусуна алып барган Улуттук күрөш процесси башталган Түркияда жана чет өлкөдө жыл сайын сыймыктануу менен майармдалган күн экени белгиленди.

Анда, «Бул маанилүү күнгө көлөкө түшүрүүгө аракет кылган Грециядагы айрым радикалдык топтордун, тарыхыбыз тууралуу кыялдануу айтымдарын, Түркияга карай жек көрүүнү күүлөөнүү максаттаган иш-чараларын жана Грециядагы айрым саясатчылардын ички саясаттагы каңкуулоолору менен тарыхый фактыларды бурмалаган билдирүүлөрүн кечирүү мүмкүн эмес»,делди.

Чындыкка жатпаган айтымдардын ээлерине Греция армиясынын Анадолуну басып алуусу убагында согуш укуктарына терс түшкөн зулумдуктары боюнча Греция жоопкер болгонун жана кун төлөө өкүмү чыккандыгынын «Лозанна» келишими менен катталганын эске салган билдирүүдө, буларга орун берилди: «Баскынчы Греция армиясынын Түрктөргө кылган кыргындары акылга сыйбаган деңгээлге жеткенде, Грециянын өзүнүн шериктештери тарабынан Тергөө комиссиясы түзүлүп, грек армиясынын адам баласына жат кылмыштарынын белгиленгенин эсине салабыз. Абал ушундай болуп турганда тарыхыбыз тууралуу негизсиз айтымдардын акыл-эс, абийир жана адилеттик менен эч тиешеси болбогону аттын кашкасындай анык көрүнүп турат. Бул айтымдар эки тараптуу карым-катнашыбызды илгерилетүүгө карай максаттарга айкалышпоодо жана келечек муундарга жаман мурас калтырууда».

Билдирүүдө, Түркия Республикасынын негизделишинен кийин Грециянын премьер-министри Элефтериос Венизелостун 1934-жылы Улуу жол башчы Мусатафа Кемал Ататүрктү «Нобель» тынчтык сыйлыгына талапкер көрсөтүшүнүн, эки өлкөнүн ортосунда жоопкерчиликсиз саясатчылардын болбогонун жана радикалдык гректердин айтымдары сыяктуу тарыхый маселе да жок экенин көрсөткөн эң ачык далил экендиги баса белгиленди.

 



Тектеш кабарлар