Вице - президент Фуат Октай Зеленский менен жолугушту
Фуат Октай жаңы президент Зеленскийдин ант берүү аземине катышуу үчүн кечээ Украинага барган.
1205109
Вице – президент Фуат Октай Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту.
Украина президентинин аппаратындагы жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.
Вице - президент Октай Зеленскийди куттуктаган жолугушууда Крымдын Орусия тарабынан аннекция кылынышы тууралуу Түркиянын сезимталдуулугунун улантылып жаткандыгы баса белгиленди.
Түркия менен Украинанын карым- катнаштарынын бардык тармактарда өсүү менен улантылышы туралуу макулдашылган жолугушууда эки өлкөнүн 10 миллиард доллар соода максатына жетүү үчүн Түркия - Украина Эркин Соода Келишимине алдыбыздагы мезгилде кол коюлушу тууралуу бирдей пикирге барышты.
Фуат Октай жаңы президент Зеленскийдин ант берүү аземине катышуу үчүн кечээ Украинага барган.