Тышкы иштер министри Гватемалада

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Гватемалада мамлекет башчысы Жимми Моралес тарабынан кабыл алынды.

1205120
Тышкы иштер министри Гватемалада

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу расмий сапар менен барган Гватемалада мамлекет башчысы Жимми Моралес тарабынан кабыл алынды.

Борбор шаар Гватемаладагы Улуттук Маданий Сарайында өткөн жолугушууга Гватемаланын тышкы иштер министри Сандра Жовел менен Түркиянын Гватемаладагы элчиси Сүлейман Гөкче да катышты.

Мевлют Чавушоглу андан кийин Түркиянын Гватемала элчилигинин жаңыимаратын ачты.

Министр Чавушоглу ачылууда сүйлөгөн сөзүндө Түркия менен Гватемаланын ортосунда узун убакыттан бери эки тараптуу карым- катнаштардын бар экендигин белгилеп : «Ачылган элчилик өлкөлөрүбүздүн ортосундагы карым- катнашты дагы да күчтөндүрөт»,- деди.

Чавушоглу : «Гватемала Түркиянын Латын Америкадагы негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бирөөсү. Эки өлкөнүн ортосундагы карым- катнаш алдыга жылып баратат. Соода жана маданият сыяктуу тармактарда карым- катнаштарыбыз артууну улантууда»,- деди.

Жакынкы убакта Уругвайда да элчиликтин ачыларын жарыялаган тышкы иштер министри Чавушоглу Түркиянын аймакта болушуна байланыштуу буларды айтты : «Түркия бир гана министрлигибизге караштуу миссияларыбыз менен эмес, Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги Башкармалыгы ТИКА сыяктуу мекемелерибиз менен да Латын Америка жана Карибдерде активдүү иш алып барууда».



Тектеш кабарлар