Түрк Кызылайы Ооганстандын борбору Кабулдагы муктаждыгы болгон үй-бүлөлөргө жардам кутусун таркатты

Түрк Кызылайынын Ооганстан делегациясынын башчысы Вурал Жан Курал, жардам кутуларын Кабулда жашаган муктаждарга тапшыргандарын айтты.

1204770
Түрк Кызылайы Ооганстандын борбору Кабулдагы муктаждыгы болгон үй-бүлөлөргө жардам кутусун таркатты

Түрк Кызылайы, рамазан айы иш-чараларынын алкагында Ооганстандын борбор шаары Кабулдагы муктаждыгы болгон 303 үй-бүлөгө жардам кутусун таркатты.

Түрк Кызылайынын Ооганстан делегациясынын башчысы Вурал Жан Курал, жардам кутуларын Кабулда жашаган муктаждарга тапшыргандарын айтты.

Курал, рамазанда азык-түлүк жардамы жана ифтар программалары менен башка убактарда болсо гуманитардык жардам иштери менен ооган калкынын жанында болуусун уланта тургандарын белгилеп өттү.

Ооган Кызылайы Кабул кеңсесинин төрагасы Абдул Раб Газали да, Кабулдагы муктаж үй-бүлөлөрдү белгилеп Түрк Кызылайынын жардам пакеттеринен пайдалануусун камсыздагандарын баса белгиледи.

Газали ар дайым ооган калкынын жардамына чуркаган түрк калкына жана айрыкча Түрк Кызылайына ыраазычылыгын билдирди.

Жардам кутуларынан алганы келген Кабилдин тургундарынан Сүннетуллах Рахмани, ифтарда жана зоордо жей турган жетиштүү азык-заттары болбогонун жана бул азык-түлүк кутулары аркылуу орозолорун оңой кармай ала тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар