Президент Эрдогандан операция белгиси

Президент Р. Т. Эрдоган жакынкы убакта Сириянын түндүгүндө ПКК жикчил террордук уюмдун кол салуусу астындагы аймактарды бир түнү күтүлбөгөн жерден барып тазалашарын белгиледи.

1203133
Президент Эрдогандан операция белгиси

Президент Р. Т. Эрдоган жакынкы убакта Сириянын түндүгүндө ПКК жикчил террордук уюмдун кол салуусу астындагы аймактарды бир түнү күтүлбөгөн жерден барып тазалашарын белгиледи.

Президент Эрдоган Стамбулда Евразия көркөм борборундагы ифтар программасында ички Коопсуздук Бөлүктөрү менен жолугушту. Сөзүндө үзгүлтүксүз операция саясаты менен террористтерди абдан чоң жоготууга учуратышкандарын белгилеген Эрдоган : «Акыркы эки жарым жылдын ичинде он алтысы кызыл тизмеден болгон ПККнын 420 жогорку мартабалуу террористтин жок кылдык. Уюмга кошулгандардын санында жана террордук уюмдун кыймылында азаюу болду»,- деди.

Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Анадолу аймактарында көптөгөн жылдардан кийин кайрадан тынчтык чөйрөсүнүн түзүлгөндүгүн белгилеген Эрдоган террордук уюмдун уясына айланган тоолордо коопсуздук күчтөрүнүн аракети менен кайрадан жаздын келгендигин айтты.

Террордук уюмга логистикалык жана ок  - дары берген бардык элементтердин булагын курутуу үчүн Сирия жана Ирактагы кыймылдарды ылдамдатышкандарын айткан Эрдоган : «Сирия аянтындагы операциялар менен ДЕАШ жана жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК бул өлкөдөгү уландыларына абдан оор сокку урдук.

4 миң километр квадраттан ашуун бир аянтты террордон тазалап бул аймактарды Сириянын түндүгүндө тынчтык аралына айландырдык»,- деди.

Сириядагы согуштан качып Түркияга баш калкалаган 3 миллион 600 миң качкындан 320 миңинин кайрадан мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгүнүн бар экендигин белгилеген Эрдоган жакынкы убакта террордук уюмдун кол салуусу астындагы башка аймактарга да бир түндө күтүлбөгөн жерден кирип тазалашарын белгиледи.

Эрдоган Сириянын түндүгүндө Түркияга коңшу террордук кордирдордун пайда болушуна уруксат беришпей тургандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар