Түрк Кызылайынан Пакистанга жардам

Түрк Кызылайы Пакистандын Мари шаарында жашаган, жардамга муктаж 200 үй  - бүлөгө тамак  - аш жардамын берди.

1202683
Түрк Кызылайынан Пакистанга жардам

Түрк Кызылайы Пакистандын Мари шаарында жашаган, жардамга муктаж 200 үй  - бүлөгө тамак  - аш жардамын берди.

 Өлкөнүн түндүгүндөгү шаарда жардамдарды таркатуу ишине катышкан Түрк кызылайынын Пакистан делегациясынын төрагасы Ибрахим Карлос Камило жалпы өлкөдө бул рамазанда 2 миң пакет тамак  - аш жардамдын берилерин айтты.

Шаарда белгиленген 200 жардамга муктаж үй  - бүлөгө рамазанда ичинде күрүч, ун, май жана шекер болгон 20 килограммдык пакеттерди жеткиришкендерин айткан Камило : «Бул рамазанда да түрк калкынын Пакистанга жиберген белектерди ээлерине жеткирдик»,- деди.

Камило Түрк Кызылайынын өлкөдө тамак  - аш жардамы менен бирге жетимдер менен жардамга муктаж кишилерге  ооз ачыруу менен жетимдерге майрамдык кийим  - кече берүү иштеринин да жүргүзүлөрүн да сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар