Сириянын Идлиб аймагы тууралуу жумушчу топтун тез арада чогулуусу керек

Чавушоглу, Румыниянын өкүлдөр палатасынын Европа иштери комиссиянын жетекчиси Ангель Тилварды кабыл алуусунан кийин Европа Биримдиги боюнча башкармалыкта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1201990
Сириянын Идлиб аймагы тууралуу жумушчу топтун тез арада чогулуусу керек

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Сириянын Идлиб аймагы тууралуу жумушчу топтун тез арада чогулуусу темасында Түркия жана Орусиянын бирдей көз карашта болгонун билдирди.

Чавушоглу, Румыниянын өкүлдөр палатасынын Европа иштери комиссиянын жетекчиси Ангель Тилварды кабыл алуусунан кийин Европа Биримдиги боюнча башкармалыкта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнө токтолгон Чавушоглу Идлиб темасында иштерин тыгыздаштыргандарын айтып, «Эң оболу режимдин бул кол салуучу мамилесинин өзгөрүшү керек. Кол салууларын токтотушу зарыл. Бир тараптан саясий процесс сүйлөшүлүп жатканда, Конституциялык комиссиянын түзүлүүсү темасында чоң жолду басып өткөн соң, жакындоолор болгон соң, режимдин аянттагы кол салуулары бардыгын бузушу мүмкүн. Эң оболу муну токтотушубуз зарыл»,-деди.

Сирияда аянттагы эки тараптуу коркутуулар боюнча айтымдарга токтолгон Чавушоглу: «Булардын далилдери менен үстөлгө коюлуп иликтениши үчүн жумушчу топтун тез арада чогулуусу керек»,-деп айтты.

Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын режимдин кол салууларынын токтотулушу темасында мамилесинин так болгонун баса белгилеп: «Режим кол салууларын токтотушу керек. Режимдин кепилдери Иран жана Орусия болуп саналат. Иран жана Орусиянын бул темада жоопкерчилиги бар. Биздин ал жактагы байкоочу пунктарыбызга карай кол салуу болгон жок. Бул темада кыйынчылыгыбыз жок, бирок кооптонууларыбыз бар. Бардык нерсе болуп кетиши мүмкүн бул кол салуунун алкагында. Мунун токтотулушу үчүн аракет кылуудабыз»,-деди.

Бир тараптан сөзүндө Чыгыш Жер Ортолук деңиз темасына да токтолгон Чавушоглу, Түркиянын жана Кипр Түрк калкынын укугун акырына чейин коргой тургандарын айтты.

Буга карай айрым өлкөлөрдөн каршы чыгуулар келгенин эске салган Чавушоглу Р5+1 (Кытай, Германия, Франция, Орусия, Улуу Британия, Америка Кошмо Штаттары) жана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн элчилеринин Тышкы иштер министрлигине чакыртылып маалыматтандырылганын айтты.

Чавушоуглу: «Ар ким чындыктарды көрдү. Түркия өзүнүн жээк сууларында албетте бургулоо иштерин кылат»,-деп айтты.

Тышкы иштер министри Чавушоглу, ТКТРнын уруксат берген аянттарында Түркиянын бургулоо иштерин жүргүзө турганын маалымдады.

Мевлүт Чавушоглу, Кипрдин Рум Бөлүгү, ЕБ жана эл аралык коомчулукту эскертүүлөрүнө карабастан, Рум тарабынан Кипр Түрк калктарынын укуктарын кепилдкке албастан бир беткей бургулоо иштерин жүргүзгөнүн да белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар