Калын-Болтон сүйлөшүүсү

Телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүлдү.

1196253
Калын-Болтон сүйлөшүүсү

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШнын президенти Дональд Трамптын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон менен телефондо сүйлөштү.

Президенттиктин байланыш бөлүмүнүн билдирүүсүнө караганда, Калын-Болтон сүйлөшүүсүндө өз ара карым-катнаштар каралды жана эки тараптуу соода-сатыктын арттырылуусу үчүн таштала турчу кадамдарга токтолушту.

Сүйлөшүүдө айрыкча эл аралык коомчулук тарабынан жакын байкоо салынган Ливия жана Сириядагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле АКШнын президенти Трамптын Түркияга сапары тууралуу альтернативдүү күндөр боюнча пикир алмашылды.



Тектеш кабарлар