Муглада үчүнчү Өлү деңиз жаз жолугушуусу

Фетхийе муниципалитети тарабынан  Өлү деңиз мааласынын Белжекиз пляжында  өткөрүлгөн иш чарага 30 өлкөдөн 250гө жакын параплан учкучу катышууда.

1194006
Муглада үчүнчү Өлү деңиз жаз жолугушуусу

Мугланын Фетхийе районунда  бул жылы үчүнчүсү өткөрүлгөн  «Өлү деңиз жаз жолугушуусу» иш чарасы башталды.

Фетхийе муниципалитети тарабынан  Өлү деңиз мааласынын Белжекиз пляжында  өткөрүлгөн иш чарага 30 өлкөдөн 250гө жакын параплан учкучу катышууда.

Фетхийе муниципалитет төрагасынын орун басары Сабри Огуз Болел Фетхийе жана Өлү деңиздин таанытылышына салым кошууну максат кылышкандарын айтты.

Иш чара менен туризм сезонунун башталышында ишканалардын экономикаларынын кыймылга өткөндүгүн айткан Болел : «Алдыбыздагы жылдарда бул сыяктуу иш чараларды дагы да түрдөнтүү менен улантууну каалайбыз»,- деди.

Аземден кийин параплан учкучтары Бабадагдан учушту. Кээ бир учкучтардын көк жүзүндөгү акробаттык чеберчиликтерди жарандар кызыгуу менен көрүштү. Иш чара 4 -  майда аяктайт.



Тектеш кабарлар