Террорго каршы жүргүзүлгөн операциялар тынымсыз уланууда

Операциялар үзгүлтүксүз уланганы белгиленди.

1193337
Террорго каршы жүргүзүлгөн операциялар тынымсыз уланууда

Хатайдын Аманос тоолорунда жикчил террордук уюм ПККга карай операция жүргүзүлүп, анда 5 террорист жок кылынды.

Хатай губернаторлугунун жарыясына караганда, Аманос тоолорунун элет жерлеринде жандармериянын бөлүктөрү тарабынан пландуу түрдө операция жүргүзүлүп 5 террористтин жок кылынганы маалымдалды.

Анда, операциялардын үзгүлтүксүз уланганы белгиленди.

Диярбакырдын Дижле районунда жүргүзүлгөн операцияларда болсо террордук уюм ПККга мүчө 2 аял террорист куралдары менен бирге жок кылынды.

Бир тараптан Ирактын түндүгүндөгү Метина, Гара, Хакурк жана Хафтанин аймактарына абадан жүргүзүлгөн операцияларда жикчил террор уюму ПКК тарабынан курал жайгаштырган жер, баш калкалоочу жай, ок-дары кампасы катары колдонулган жерлер атылып, таш талканы чыгарылды.



Тектеш кабарлар