Түркиянын жардамдары

Түркия Йеменге гуманитардык жардам жөнөттү.

1186417
Түркиянын жардамдары

Түркия Йеменге гуманитардык жардамдарынын алкагында 11 миң азык-түлүк кутусун жөнөттү.

Түрк Кызылайынын Йемендеги делегациясынын жетекчиси Мустафа Айдын, 11 миң азык-түлүк кутусун таркатуу ишинин Мариб шаарынан башталганын белгиледи.

Түрк элинин йемендиктерге жардамдарынын алкагында, орто эсеп менен 440 тонналык жардамдын 30-апрелге чейин таркатыла турганын айткан Айдын, жардамдардын Рамазан айынын алдында Мариб, Хадрамевт, Эбйен, Лахич, Аден жана Таиз шаарларында муктаждыгы барларга, ички мигранттарга, шейит үй-блөлөрүнө жана Куран курсуна баргандарга жеткириле турганын билдирди.

Түркия көптөгөн коом каналы аркылуу Йеменде согуштун айынан жерлеринен ажыраган ички мигранттарга жана жакыр үй-бүлөлөргө жардам берип келет.



Тектеш кабарлар