Түркия Иранга жардам жөнөттү

Иранда нөшөрлөп жааган жамгырлар чоң чыгымга алып келди.

1186553
Түркия Иранга жардам жөнөттү

Түркия Ирандагы сел апаатынан жабыр тарткандар үчүн дагы 2 фура гуманитардык жардам жөнөттү.

Ирандын расмий Ирна агенттигине маалымат берген Базерган чек ара бекетинин директорунун орун басары Садык Намдар, Ван губернаторлугу жөнөткөн 2 фура гуманитардык жардамдын Агрынын Дугубаязыт районундагы Гүрбулак чек ара бекетинен Иранга жеткенин айтты.

Садык Намдар, орто эсеп менен 15,5 тонналык жардамдын 600 одяало, 124 ашкана буюмдары жана 120 чатырдан турганын билдирди.

Өлкөдө март айынын экинчи жумасынан кийин башталган нөшөрлөп жааган жамгырлар өлкөдөгү 31 аймактын 25не терс таасирин тийгизди.

Бул аймактарда болгон сел апаатынан өлкөнүн жалпысында ондогон киши каза тапты.

Ирандагы селдерден жабыр тарткандар үчүн ишке киришкен Түрк Кызылайы да Иран Кызылайы менен биргелеше апаат болгон аймактарга 5 фура гуманитардык жардам жеткирген болчу.

 



Тектеш кабарлар