Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын коопсуз аймак тууралуу маалымат берди

Ибрахим Калын Түркия  -  Сирия чек арасында коопсуз бир аймактын түзүлгөндүгүн айтты.

1186344
Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын коопсуз аймак тууралуу маалымат берди

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Түркия  -  Сирия чек арасында коопсуз бир аймактын түзүлгөндүгүн айтты.

Ибрахим Калын Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде өткөрүлгөн кабинет жыйынына байланыштуу пресс- жыйын өткөрдү.

Сириянын Манбиж аймагында түрк жана Америка аскерлеринин биргелешкен күзөт иштеринин улантылып жаткандыгын жана жаңы күзөт иштери үчүн сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлүп жаткандыгын эске салган Калын буларды белгиледи : «Идлибде, Афринде жана Жараблуста негизинен Манбижге чейинки Түркия- Сирия чек арасынын ичинде бүгүн коопсуз бир аймак негизинен түзүлдү. Бул жерде ПКК жана ДЕАШ террорру, режим жок. Бул жерде жергиликтүү калк өз мүмкүнчүлүктөрү менен Түркиянын колдоосу менен эл аралык коомдун да колдоосу менен Эркин Сирия Армиясы жана башка сириялык элементтер менен өз башкаруусун түзүп, өз экономикасын башкарууда. Өз ички динамикасы менен бул аймакты коопсуз түрдө башкарууну улантууда. Негизинен бул да чоң бир ийгилик».

Ибрахим Калын Иракта, Сирияда же дүйнөнүн кайсы бир жеринде Түркияга карата коркутууларга каршы бардык чаралардын мындан кийин да чечкиндүү түрдө көрүлөрүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар