Эрдоган менен Буркина Фасонун президенти Каборенин маалымат жыйыны

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Буркина Фасонун президенти Каборе биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1181702
Эрдоган менен Буркина Фасонун президенти Каборенин маалымат жыйыны

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Суданда армиянын бийликти багындырып алганы боюнча, «Улуттук макулдашуунун негизинде жана тынчтык ичинде Судандын бул процесстен ашып өтүшү эң маанилүү каалообуз»,-деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, борбор шаар Анкарага расмий сапар менен келген Буркина Фасонун президенти Рох Марк Кристиан Каборе менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Эрдоган, сөзүндө: «Адамды, адилеттикти жана колдошууну борборго алган тышкы саясаттын байкоочусу катары Африка менен карым-катнаштарыбызга атайын маани беребиз»,-деп айтты.

"(Aфрика) Материк өлкөлөрүн четке кагуучу, менменсинген жана кийлигишкен мамилелеринин биз жактан алганда эч бир баасы жок'",-деп айткан Эрдоган: “Африкалык досторубуз өз маселелерине кайрадан өз баалуулуктары, сезимталдыктары жана динамикаларынын алкагында чечүүчү жол табуучу жетиштүү тажрыйбага эгедер»,деген серебин салды.

Эрдоган, Суданда армиянын башкарууну алып койгону тууралуу суроого,  "Дүйнө жүзү кызыктай.  Төңкөрүшкө каршы экендиктерин айткандардын төңкөрүшчүлөр менен колтукташып жүргөндөрүн көрүүдөбүз. Улуттук макулдашуунунн негизинде жана тынчтык ичинде Судандын бул процессти ашып өтүшү эң маанилүү каалоо тилегим",-деди.

Эрдоган : "Судан биздин түптүү тарыхый байланышыбыз болгон өлкө. Бул түптүү карым-катнаштарыбызды уланткыбыз келет. Биздин каалаганыбыз туугандык,тынчтык менен маселесин чечүүсү жана нормалдуу демократиялык процессти иштете баштоолору керек деп ишенемин»,-деди.

Буркина Фасонун президенти Каборе да өз сөзүндө: "Түркияга каш каккандар Буркина Фасого, Буркина Фасого каш каккандар да Түркияга каш каккан болуп эсептелет",-деп айтты.



Тектеш кабарлар